AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Катар ФИФА Дүйнөлүк Чемпионатында күйөрмандары киргизет

Катар 2022-жылы өтө турган ФИФА Дүйнөлүк чемпионатынын матчтарына коронавируска каршы эмделген күйөрмандарды гана киргизет. Бул тууралуу премьер-министр Халид бин Халифа бин Абдулазиз Аль Тани Assosiated Press агенттигинде болгон жыйында билдирди.

Апрель айында Катардагы мелдешке даярдануу учурунда 6,5 миңден ашуун мигрант каза тапканы маалымдалган. Булар Индия, Пакистан, Непал, Бангладеш жана Шри-Ланкада иштегендер, өлкө 2010-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугуна ээ болгондон бери каза болушкан.

Саясатчынын айтымында, турнир башталганга чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө массалык эмдөөлөр жүргүзүлөт. Ал ошондой эле Дүйнөлүк чемпионаттын беттештерине келип, бирок эмделе элек күйөрмандар үчүн бир миллион доза вакцина берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Катардагы Дүйнө биринчилиги 2022-жылдын 21-ноябрынан 22-декабрына чейин болот. Турнирдин финалдык бөлүгүнө 32 команда катышат.