AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Мирлан Мурзаев - 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо боюнча Кыргыз курама командасынын мыкты бомбардири

 Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Азия чөлкөмүндө өткөн Дүйнөлүк Кубоктун тандоо турунда команданын мыкты бомбардири болуп калды. Кыргызстандын курама командасы  Япониянын, Тажикстандын, Мьянманын жана Монголиянын курама командалары менен биргеликте F тандоо тобунда ойноду. 8 оюнда Кыргызстандын курама командасы 10 упай топтоп, 19 гол киргизди. Мирлан Мурзаев 5, Эдгар Бернхардт, Гүлжигит Алыкулов жана Алимардон Шүкүров 3төн гол киргизген.
 Дүйнөлүк Кубок-2022 тандоосундагы Кыргызстандын курама командасынын бомбардирлеринин тизмеси 5 гол - Мирлан Мурзаев 3 гол - Эдгар Бернхардт, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров 1 гол - Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Турсунали Рустамов, Фархат Мусабеков, Абай Боколеев