AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Бүгүн кыргыз футболчулары япониялыктар менен беттешет

Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Япониянын футболчулары менен күч сынашат.

Оюн Япониянын Сюита шаарында өтөт жана Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.

  • Буга чейин Бишкек шаарында өткөн биринчи оюнда япониялыктар Кыргызстандын курамасын 2:0 эсебинде утушкан.

Учурда Кыргызстан өз тайпасында 10 упай топтоп, Япониядан кийинки 2-орунду ээлеп турат. Ал эми Япония буга чейинки бардык беттештерин жеңип, 21 упай топтогон.

Ошондой эле «F» тайпасында 3-орунду ээлеп турган Тажикстанда дагы 10 упай бар. Тажик футболчулары дагы бүгүн, 15-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те Мьянманын курамасы менен беттешет.

Бул беттештер «F» тайпасындагы соңку оюндар.