AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеев атасы каза болду

Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Бирлиги билдирди.Ал кечээ 12-июнь күнү  Кыргызстанга учуп келген.

 «Кечээ, 12-июнда курама команданын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы көз жумду. Буга байланыштуу оюнчу команданын турган жеринен чыгып, биринчи рейс менен үйүнө учуп кетти. Биз көңүл айтабыз, орду толгус жоготуунун азап-кайгысын тең бөлүшөбүз », - деп айтылат билдирүүдө. Мьянма менен болгон беттеште Боколеев талаага биринчи курамда кирип, улуттук курама командадагы дебюттук голун киргизди.