AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Бүгүн кыргыз футболчулары Мьянманын курамасы менен беттешет

Бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында кезектеги беттешин өткөрөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат. Александр Крестинин жетектеген улуттук курама Мьянманын футболчулары менен күч сынашат.

Буга чейин Бишкек шаарында өткөн биринчи оюнда кыргыз футболчулары мьянмалыктарды 7:0 эсебинде утушкан.