AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кыргызстандын футбол курама командасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо мелдешине узатуу иш-чарасы өттү

 1-июнь күнү футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын Жапонияга 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо мелдешине узатуу кечеси өттү. 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов катышты. 
 
«Дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу беттештер улам жылдырылып жатты. Ага карабай сиздер машыгып, даярданып жаттыңыздар. Бул оюндар мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү. Кыргызстандыктар футболду жакшы көрүшөт, күйөрмандарыңыздар сиздердин оюнуӊуздарды чыдамсыздык менен күтүшөт», – деди Кайрат Иманалиев.  Ал спортчуларга ден соолук жана алдыӊкы оюндарда чоӊ ийгиликтерди каалады.
 
Белгилей кетсек, Кыргызстандын спорттук делегациясы Жапонияга 1-июндан 2-июнга караган түнү учуп кетишти. Алар катыша турган тандап алуу мелдешинин F группасындагы оюндар Жапонияда өтөт. Кыргызстандын курама командасы Монголиянын курама командасы менен 7-июнда, Мьянманын курама командасы менен 11-июнда, ал Жапониянын курама командасы менен 15-июнда беттешет.
Булак: sport.gov.kg