AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугуна тандоо: Япония, Мьянма жана Монголияга каршы беттештерде Кыргызстандын курама командасынын курамы

Футбол боюнча улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы Александр Крестининдин жетекчилиги астында 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына даярданууга чакырыла турган оюнчулардын тизмесин жарыялады.
 Кыргыз курама командасынын F тайпасынын тандоо турунда үч команда - Монголия, Мьянма жана Япония кирди. Беттештер 7-11-15-июнь күндөрү болот. Улуттук курама командага 25 оюнчу кабыл алынды. Дагы 5 оюнчу резервдик тизмеге киргизилген.
 
Кыргызстандын курама командасы 30-майда кыска мөөнөттүү окуу-машыгуу жыйынына чогулуп, 2-июнда Осака шаарына учуп кетет.
 
 
Курама команданын негизги курамы: 
 
Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков (экөө тең "Дордой"), Эржан Токотаев ("Алга") 
 
Коргоочулар: Валерий Кичин (Енисей, Россия), Тамирлан Козубаев (Шинник, Россия), Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Айзар Акматов, Мустафа Юсупов, Кайрат Жыргалбек уулу, Александр Мищенко (бардыгы Дордой), Алмаз Маликов (Алмаз);
 
Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (Шейх Рассел, Бангладеш), Муролим Ахмедов (Бангладеш полиция клубу, Бангладеш), Эдгар Бернхардт (Андижан, Өзбекстан), Алимардон Шүкүров (Неман, Беларуссия), Фархат Мусабекустов, Турсунали, Элдар Молдожунусов (экөө тең - Алай), Одилжон Абдурахманов (Бунёдкор, Өзбекстан), Гүлжигит Алыкулов (Кайрат, Казакстан);
 
Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Абай Боколеев (экөө тең - "Дордой"), Эрнист Батырканов (Кызыл-Жар, Казакстан). Резерв: Дарбазачы: Павел Матяш (Алга) Коргоочулар: Акрамжон Умаров (Алай), Кайрат Изаков (Абдыш-Ата) Жарым коргоочулар: Азим Азаров (Алга), Азиз Сыдыков (Дордой)