AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

КФБнын президенти Канатбек Маматов Катардын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бүгүн 27-майда Кыргыз футбол бирлигинин президенти Канатбек Маматов Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту.

 

Эки тарап өлкөбүздөгү футболду өнүктүрүү жаатындагы ар кандай долбоорлорду, ошондой эле Катар өкмөтүнөн жана Катардын ар кандай фонддорунан Кыргыз Футбол Биримдигинин долбоорлорун ишке ашырууда жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Катар 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярданып жаткандыгын белгилеп, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди.