AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Чек ара чырында кыргызстандык жаш машыктыруучу жана футбол калысы Султанбек каза болду

 Баткенде тажиктер тараптан болгон кол салууда кыргызстандык жаш машыктыруучу жана футбол калысы Абдибахап уулу Султанбек каза болду. Бул тууралуу Кыргызстан футбол союзунан маалымдашты.
 
Султанбек чек арадагы куралдуу конфликтте каза болгон адамдардын катарында.
 
19 жаштагы Султанбек «Нур-Баткен» (Баткен облусу) клубунда ойноп, «D» машыктыруучулук лицензиясына ээ, ошондой эле жаштар арасындагы чемпионтта калыстык кылып келген.
 
Кыргыз футболдук союзу Абдибахап уулу Султанбектин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ызасын тең бөлүшөт.