AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кичи футбол боюнча Өзгөн лигасы: 2-тур жыйынтыкталды

Жыл сайын Өзгөн лигасы кичи футбол боюнча район элинин достугун бекемдөө максатында чемпионат уюштуруп келет. Мелдешке жалпысынан Өзгөн районунуна караштуу он бир айыл өкмөтүнөн келген командалар катышат. Быйыл турнир бешинчи ирет өтүп жатат.

Мындан сырткары ар кайсы аймактан келген футбол сүйүүчүлөр да иш-чарага аралашып, активдүү катышып келет. Мелдештин Жобосуна ылайык, команданын курамында 39 жаштан өйдө курактагы спортчулар болушу абзел. Өзгөн лигасы алдыда өз алдынча команда болуп, чоң турнирлерге чыгууну пландап жатат.

Ал эми жыйынтыктарга келсек, V чемпионаттын экинчи турунун жыйынтыгы боюнча биринчи орунду “Куршаб”, экинчи орунду “Мырза-Аке” жана үчүнчү орунду “Шераалы” айылдары ээледи.

Озгон Чемп 2 тур

Кызжибек Жээнбек кызы