AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Футбол: Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан ТОП-100 гө кирди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди.

Жолдоштук беттештерде жана 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы оюндардын жыйынтыгы боюнча 16-сентябрда улуттук командалардын жаңыланган рейтинги жарыяланды.

Кыргызстандын курама командасы Бишкекте эки жолдоштук беттеш өткөрүп, анда Палестина (1:0) жана Бангладеш (4:1) курама командаларын утуп алган эле.

Бул жеңиштер кыргыз командасына 7,2 упай топтоп, ФИФАнын рейтингинде 98-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берген.

АФК өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргызстандын курама командасы 17-орунду ээлейт.