AUCA the best 2

2024-03-28

Жаңылыктар

КМШ Оюндары: Футзал боюнча курама команда

 Футзал боюнча Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасы 4-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы эсепте 4-орунду ээледи. 
Алгач тайпалык этапта Беларусь Республикасынын курама командасы менен кез келип 2:0 эсебинде жеңилген. Ал эми, экинчи беттешинде Азербайжанды 8:3 эсебинде жеңип, кийинки этапка өткөн. 
Жарым финалда Россия курама командасы менен ойносо, коло байге үчүн күрөштө  Өзбекстан менен беттешип 4:3 эсебинде жеңилди.
Булак: sport.gov.kg