AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кыргызстандын жаш футболчулары Бангладештин курама командасын утту

Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) Бангладеш курама командасын утту.

Эки команданын достук беттеши кечээ 9-сентябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү.

Биринчи таймда Бангладештин футболчулары эсепти ачып, бирок талаа ээлери тыныгууга чейин эсепти теңеп, андан кийин алдыга чыгышты.

Экинчи таймдын 45-мүнөтүндө эки команда тең бирден гол киргизген.

Оюн 3:2 эсебиде Кыргызстандын жаштар командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Гол жараткандар: Аманжан Жаныбек уулу, Гүлжигит Бөрүбаев жана Максат Алыгулов.