AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Токио олимпиадасына мушкерлер барбайт

Японияда өтүүчү Олимпиада оюндарына тандоо эки баскычта - континенталдык жана дүйнөлүк болуп өтөт. Азия жана Океаниядагы тандоо турнири 2020-жылы 3-11-мартта Иорданияда өткөн. Лицензияларды утуп алуу үчүн ТОП-6га кирүү керек болчу. Ошол турнирде Кыргызстандын спортчулары Олимпиадага жолдомо ала алышкан жок.
Дүйнөлүк тандоо турнири дагы болгон, бирок коронавирус пандемиясынын айынан кийинкиге калтырылып, андан кийин толугу менен жокко чыгарылган. Калган лицензиялар 2017-жылдан бери төрт ири турнирлердеги оюндарды камтыган рейтингге ылайык бөлүштүрүлөт деген чечим кабыл алынган.
 
Ар бир салмак категориясында бул рейтингдеги 4 мыкты лицензия алышты. Бул тизмеде Кыргызстандан бир дагы спортчу болгон жок. Эң жакыны Азат Үсөналиев (52 кг чейин) болгон, бирок ага 4 упай жетишпей калган. Кыргызстандык 2017-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна чыга албай калды. Ошентип, Кыргызстандын мушкерлери Токио олимпиадасына катышпай калышат. 2016-жылкы Рио Олимпиадасында бокс боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан бир спортчу - Эркин Адылбек уулу катышкан.