AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Төрт кыргызстандык БАЭде өтүп жаткан Азия чемпионатында жарым финалга чыкты

Кыргызстандык төрт спортчу БАЭде өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатында жарым финалга чыкты. Жалпысынан турнирге башкы машыктыруучу Данияр Джусубалиевдин жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасында 10 спортчу катышкан. Алдын-ала раунд жана чейрек финалдык беттештердин жыйынтыгында төрт кыргызстандык 1/2 финалга өттү.

1/2 финалдык беттештер 28-майда болот.
1/2 финалдык жуптар 52 кг чейин 1/2 финал Азат Үсөналиев - Шахобиддин Зоиров (Өзбекстан)
56 кг чейин 1/2 финал Акылбек Эсенбек уулу - Хархүү Энх-Амар (Монголия)
81 кг чейин 1/2 финал Эркин Адылбек уулу - Мейсам Гешлаги (Иран)
91 кг чейин 1/2 финал Рустам Ырысбек уулу - Василий Левит (Казакстан)