AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Өмүрбек Бекжигит уулу Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты

Кыргызстандын дагы бир мушкери Өмүрбек Бекжигит уулу Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты.
 1-ноябрда 1/8 финалдын финалдык беттештери орун алды.
80 килограммга чейинки салмак ченинде Бекжигит уулу Украинанын өкүлү менен беттешип, үч раунддун жыйынтыгында бир добуштан жеңишке жетип, чейрек финалга чыкты.
Буга чейин Мирлан Түркбай уулу менен Санжар Сейдакматов чейрек финалга чыккан.
Кечээ 1-ноябрда Акылбек Эсенбек уулу менен Жакшылык Талайбеков да рингге чыгып, бирок Таиланд жана Сербиядан келген мушкерлерге утулуп калышты.
80 кг чейин
1/16 финал
Өмүрбек Бекжигит уулу - Джордж Кротти (Англия) - 4:1
1/8 финал
Богдан Толмачов (Украина) - Өмүрбек Бекжигит уулу - 0:5
1/4 финал
Өмүрбек Бекжигит уулу - Робби Гонсалес (АКШ)