AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Кикбоксинг боюнча Ош облусунда ачык чемпионат өтөт

17-19 сентябрь күндөрү Ош 
облусунун кикбоксинг боюнча ачык чемпионат болот. Бул тууралуу облустук кикбоксинг федерациясынын орун басары Мамыржан Абдураимов билдирди. Маалымат ылайык спорттук иш чара пандемиядан улам өтпөй калган эле. 
"Быйыл кикбоксинг Олимпиада оюндарына расмий катталгандан бери аталган спорт түрүнө кызыккан улан, кыздар көбөйдү.  Турнирди  өткөрүүдөгү  башкы максатыбыз мыкты спортчуларды аныктоо менен биргеликте облустук команданын түптөйбүз.  Жалпы облуста эч кандай айылык маяна албай эмгектен  35 машыктыруучу бар. Мелдешке 200 дөн  спортчу катышуусу күтүлүүдө" - деп билдирди Абдураимов.