AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Кылыч Сарбагышев: “Жаштарга басым жасап жатабыз”

Аймактарда спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу максатында КРнын Волейбол федерациясы атайын семинарларды уюштурат. Иш-чаранын алкагында жаш машыктыруучулар жана дене тарбия мугалимдеринин тажырыйбасын арттыруу менен мыкты улан-кыздарды тарбиялоо башкы планда. Бул семинар тууралуу аталган Федерациянын Башкы катчысы Кылыч Сарбагышев менен маектештик.

- Саламатсызбы, Кылыч агай жаш машыктыруучулар жана жана дене тарбия мугалимдери үчүн даярдалган семинардын максаты кандай?
- Саламатсыздарбы, негизи биз Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен меморандум түзгөнбүз. Ошол меморандумдун негизгинде өзгөчө кум үстүндөгү волейбол боюнча маселелерди карап, чогуу чечебиз деген пландарды койгонбуз. Пандемияга байланыштуу көптөгөн иш-чаралар өтпөй калды. Жылдын аягында чоң семинар болуп, Түркиядан келген инструкторлор келип катышкан. Мындан улам спортту өнүктүрүү максатында аймактарда атайын семинарларды уюштуруп, жаш машыктыруучулар жана дене тарбия мугалимдеринин деңгээлин көтөрүп, жаш муундун өнүгүүсүнө салым кошуп келебиз.

- Семинар канча убакытка созулат?
- Азырынча семинарларды бир күн теориялык жана бир күн практикалык тартипте өткөрүп келебиз. Буйруса бул башталышы. Уюштуруучулар учурда толук жыйынтыгын чыгарып бере элек. Ашып кетсе үч күнгө созулат. Мугалимдерди чогултуу жана каражат жагынан маселе болгондугуна байланыштуу ай сайын чогулуп жаңы нерселерди үйрөтүп мыктыларды даярдап чыгууга аракет кылабыз.

- Кайсы аймактарга көбүрөөк басым жасалат?
- Аймактарга бөлүнгөн эмес. Үч багыт боюнча бөлүп карап жатабыз. Мындан сырткары күчтүү чемпиондорубуз да ошол аймактардан чыгып жатат. Алар Бишкек шаары, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусу. Жалпы ушул үч тарап менен жалпы аймак кошулуп буйруса мугалимдер семинарларды баштайт.