AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Валентина Шевченконун кезектеги беттеши качан болот?

Валентина Шевченконун «UFC» уюмундагы кезектеги атаандашы белгилүү болду. Тактап айтканда, Шевченко 25-сентябрда чемпиондук титулун коргоо үчүн 37 жаштагы Лорен Мерфи менен беттешет.

Бул Шевченко үчүн «UFC» уюмундагы он экинчи беттеши. Буга чейин ал чемпиондук курун 5 ирет ийгиликтүү коргогон.

Лорен Мерфи – АКШнын спортчусу. «UFC» уюмунда 11 ирет октагонго чыгып, 7 жолу жеңишке жетишсе, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Соңку беттешин 12-июнда өткөрүп, анда судьялардын чечими менен Жоан Калдервудду жеңип алган. «UFC» уюмундагы эң жеңил салмактагы мушкер айымдардын рейтингинде 3-орунда турат.