AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

ФУТЗАЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМАСЫ ГРУЗИЯНЫН КОМАНДАСЫ МЕНЕН ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШ ӨТКӨРӨТ

13-19-декабрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында Азия Кубогунун тандоо этабына даярдык көрүү максатында футзал боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны өтөт.

Башкы машыктыруучу Амиржан Мукановдун карамагында 12 оюнчусу жана 3 дарбазачы бар.

 Окуу-машыгуу жыйыны аяктагандан кийин команда Тбилиси шаарына барып, Грузиянын курама командасы менен эки жолу жолдоштук беттештерин өткөрөт. Жолдоштук беттештердин датасы жана башка маалыматтар кийинчерээк маалымдалат.

Окуу-машыгуу жыйынына курамы:

Дарбазачылар: Ермолов Кирилл ("Steelex"), Абдылдаев Улукбек ("Дордой"), Акматалиев Бекболот ("Мурас").

Талаа оюнчулары: Андабеков Аман, Талайбеков Данияр (оба - "Дордой"), Исабеков Азат, Исабеков Азамат (все - "Мурас"), Махмадаминов Шохрух («Новая Генерация», Россия), Кубанычов Кайрат, Алимов Максат, Данияр уулу Абдурахим, Абдыжалил уулу Айдар, Аскарбеков Мухамед (оба - "Steelex"), Иманалиев Элбек, Абдылдаев Нурсултан (оба - "Фарватер-Аман").