AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Дүйнө биринчилиги (U-23): Айпери Медет кызы жарым финалга жолдомо алды

Балбан Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө биринчилигинин жарым финалына чыкты.

Айпери эркин күрөш боюнча 76 кг салмакка чейинки категорияда катышууда. Ал биринчи беттешинде Эквадордун спортчусу менен күрөшүп, аны туше менен жеңип алган.

1/8 финалда Айпери Индиянын спортчусу менен күч сынашып, аны да 28 секундда туше менен утту.

Жарым финалда Айпери АКШнын балбаны менен беттешет.

Айперинин беттештери:

1/8 финал:

Айпери Медет кызы — Генесис Росангела Риско Валдез (Эквадор) — Айпери туше менен жеңди.

1/4 финал:

Айпери Медет кызы — Бипаша (Индия) — Айпери туше менен жеңди.

Жарым финал:

Айпери Медет кызы — Кайли Рени Велкер (АКШ).