AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Дүйнө чемпиондугу (U-23): Кыргызстандыктар биринчи күнү ийгиликсиз өттү

23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандыктар ийгиликсиз чыкты.

Турнир кечээ 1-ноябрь күнү Белградда (Сербия) грек-рим күрөшү боюнча мелдеш менен башталды.

Дүйнө чемпиондугунун биринчи күнүндө Кыргызстандан 3 спортчу килемге чыкты. Акыйкат Кулжигит уулу биринчи кармашта жеңишке жетип, чейрек финалда жеңилип калган. Дагы эки кыргызстандык биринчи беттешинде утулуп калган.

1-ноябрга карата күрөштүн жыйынтыгы:

55 кг чейин

1/8 финал

Акыйкат Кулжигит уулу - Себастьян Коломпар (Сербия) - 9:0

1/4 финал

Акыйкат Кулжигит уулу - Арслан Абдурахманов (Казакстан) - 1:3, кыргызстандык медаль үчүн күрөштөн чыгып калды

77 кг чейин

1/16 финал

Эркан Эрген (Түркия) - Акылбек Талантбеков - 7:5, кыргызстандык медаль үчүн күрөштөн чыгып калды

87 кг чейин

1/8 финал

Азат Салидинов - Максат Сайлау (Казакстан) - 0:10, кыргызстандык медаль үчүн күрөштөн чыгып калды