2024-04-25
Бишкекте "Күз деми" аталышындагы эл аралык марафону өтөт
"Куз Деми" аталышындагы эл аралык марафону Бишкекте өтөт. Маалыматка ылайык, жарыш 10 -октябрь күнү Манас аэропортуна баруучу трассанын боюнда өтөт. Катышуучулар төрт аралыкты тандай алышат: 5, 10, 21, 42.2 км.
Ташкентте өткөн эркин күрөшү боюнча чемпионатта кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарды камсыз кылды
Өзбекстандын Ташкент шаарында мугалимдер күнүнө карата кадеттер арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнири болуп өттү.
Кыргыз футбол союзунун президенти Канат Маматов кызматтан кетти
Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов өзү жазган арызынынын негизинде кызматтан кетет. Маалыматка ылайык аткаруу комитетинин мүчөлөрү 11-октябрда конгресске чогулуп, Маматовдун отставкасын карап, уюмдун жаңы жетекчисин шайлайт.
Көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат өтөт
Улуттук оюндарды утурлай, көк бөрү оюну боюнча Республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди. Мелдеш 18-24 октябрь күндөрү Чүй облусунунун Сокулук районунун "Белек" ат майданында өткөрүлөт.
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулар штабы каржылоонун жоктугунан кызматтан кетти
Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы каржылоонун жоктугунан улам кызматтан кетти.
ӨКМнын кызматкери Жакшылык Талайбеков бокс боюнча Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду камсыз кылды
20-24 сентябь күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.
Кыргызстандык спортчулар мас-рестрлинг боюнча дүйнө чемпионатына 15 медалга ээ болду
Дүйнө чемпиондугунун экинчи этабы 16-21-сентябрда Стамбул шаарында (Түркия) 12 өлкөдөн келген 100дөн ашык спортчулардын катышуусунда өттү.