AUCA the best 2

2024-03-19

Дүйнөдөгү эң спорттук өлкөлөрдүн рейтинги. Анын ичинде мелдештердеги жыйынтыктар каралды

Орто эсеп менен алганда, адам жумасына жок дегенде бир жолу спорт менен машыгат. Ал эми азыр сергек жашоо образы пайдалуу гана эмес, модага айланды. Жакында эле адистер дүйнөдөгү  спорттук өлкөлөрдүн рейтингин түзгөн. Эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештердеги ийгиликтерди, ФИФАнын рейтингин, спорттук аянтчалардын санын жана калктын спортко тартылуу деңгээлин эске алып сарапсеп салдык.

Бирок, ар бир штат дагы өзүнүн улуттук спорту жана спорттук мелдештердеги жетишкендиктери менен белгилүү. Кайсы өлкөлөрдү жана кандай критерийлер менен алдыңкы орунду ээлегенин аныктайбыз.

Толугу менен...

Кыргыз жигиттери эр жүрөк жана намыскөй келишет

Спорт тармагында өз орду бар инсан, коомдук ишмер Руслан Кыдырмышев учурунда Кыргыз республикасынын президентинин кеңешчиси болуп эмгектенип келет. Бир эле учурда өлкө аймагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп мыкты мушкерлердин тапталып чыгышына себепкер болгон инсан менен баарлашдык. Кыдырмышев федерациянын алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Толугу менен...

Мага позитивдуу адамдар жана машыгуулар жакшы энергия берет

Сергек жашоо образын тартуулаган, Аида Акматова учурда жаш улан-кыздарды тарбиялап келе жатат. Ал тарбиялаган шакирттери бир нече Эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарга ээ болуп келет. «Канчалык тер төгүп машыксаң үзүрүн көрөсүң» дейт каарманыбыз.

Толугу менен...

Мага колдоо көрсөтүп турган инсан бир тууган агам

Комузда кол ойнотуп, кыска убакыт аралыгында бир топ ийгиликтерге жетишкен  Элзада Момунжанова Азия оюндарына даярдык көрүп жаткан учуру. Ал бир эле учурда жети спорттун түрү менен машыгып, кыргыздын намысын коргоп келген. Анын айтымында спорт менен алектенүү ден соолукка жана руханий жактан пайдалуу деп эсептейт.

Толугу менен...

15 күн аралыгында апамдын операциясы үчүн каражат чогулду

Белгилүү спортчу балбан, кыргыздын сыймыктуу кызы Алтынай Мамарасул кызы менен маектештик. Көп убакыттан бери спорттон алыстаган балбан кызыбыз алдыда ишке аша турган аруу максаттары менен бөлүштү.

Толугу менен...

Машыгуу учурунда жаракат алып калуудан корком

ММА мушкери Адилет Нурматов  GAMMA уюмуна мүчө болгон, жалгыз кыргыз спортчусу. Ал бир нече эл аралык мелдештерге катышып, жеңиш менен кайткан кыргыздын сыймыктуу уулу. Адилет Нурматовдун айтымында ар бир спортчу күн сайын үч төрт саат убактысын спорт залда өткөрүүсү керек деп эсептейт. Жаш мушкер  жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Толугу менен...

Баткен элинге жардам колун сунган жарандардан эки саат аралыгында 140 миң сомчогулду

Өлкө аймагында болуп өткөн кыйын кырдаалда кыргыздын башын бириктирип, Баткен элине жардам колун сунган мушкер Уланбек Касымбек эгерде  эл колдосо саясатка атанууну пландап жүргөн чагы. Ал атайын демилге көтөрүп айыл тургундарынан жана чет жакта иштеген мекендештерден акчлай жардам чогултуп окуя болгон жерге барып, эл менен жоолугуп келген. Чек ара маселесин жоон териси менен сезген мушкер менен алдыдагы пландары боюнча маек курдук    

Толугу менен...

Мен үчүн атамдын кубанычы биринчи орунда

Акыркы жылдары спорт тармагында, анын ичинде алыш күрөшкө кызыккандардын саны арбыган. Алардын катарын кыз-келиндер да толуктап келет. Бул жолку каарманыбыз Жазгүл Таланбек кызы. Ал өлкө аймагында бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Алыскы Баткен жергесинен чыккан балбан кызыбыз менен маек курдук.

Толугу менен...

Забида Ырысалиева: “Кыргызстанда ок атуу спортунун дарамети чоң – бизден Олимпиада чемпиону чыккан”

Бул жолу биз мылтыктан ок атуу спортуна кайрылууну чеччтик. Учурда ок атуу спорту Бишкек шаарында гана өнүгүп келет. Мунун себеби эмнеде? Ок атуу спортунун учурдагы абалы кандай жана өзгөрүүлөр орун алып жатабы? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде аталган спорт боюнча курамабыздын башкы машыктыруучусу Забида Ырысалиева менен маектештик.

Толугу менен...

Өкмөт башчы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды

Премьер-министр Улукбек Марипов Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн абалы жана келечегин талкуулашты.

Толугу менен...

Кылыч Сарбагышев: “Жаштарга басым жасап жатабыз”

Аймактарда спорттун өнүгүүсүнө салым кошуу максатында КРнын Волейбол федерациясы атайын семинарларды уюштурат. Иш-чаранын алкагында жаш машыктыруучулар жана дене тарбия мугалимдеринин тажырыйбасын арттыруу менен мыкты улан-кыздарды тарбиялоо башкы планда. Бул семинар тууралуу аталган Федерациянын Башкы катчысы Кылыч Сарбагышев менен маектештик.

Толугу менен...

“Динамо” Жалал-Абад: “Максатыбыз – кыргыз туусун дүйнөгө таанытуу!”

Самбо күрөшү – өлкөдө эң көп жайылган спорт түрү. Аталган спорт менен көптөгөн жаштар машыгып, Кыргызстанда жана дүйнөлүк мелдештерде мыкты ийгиликтерди жаратып келишүүдө. 2020-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана “Газпром балдарга” ден соолукту чыңдоо борбору тарабынан самбо боюнча балдар жана жаштар арасында борбор калаанын биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдеште өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан жаш самбо чеберлери катышып, түрдүү салмакта күч сынашты. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” дегендей, элет жеринен келген спортчулар аталган мелдеште жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарынын “Динамо” спорт клубунан келген жаш спортчулар өздөрүнүн мыкты экендигин далилдеп, спорттогу чеберчилиги жана күрөштөгү кайталангыс ыкмалары менен өзгөчөлөнө алышты.

Толугу менен...

Мылтыктан ок атуу боюнча чемпион Каныкей: “Бийди таштап, спортко келгем”

10 жашынан тартып ок атуу спортун өздөштүргөн Каныкей Кубанычбекова учурда машыктыруучу болуп эмгектенип келет. Мындан сырткары жыйырмадан ашык мелдешке катышып байгелүү орундарды камсыз кылган. Каныкейдин айтымында ок атуу спорту убакытты үнөмдөөгө жана сабырдуулукка үйрөтөт. Каарманыбыз спортто жараткан ийгиликтери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Толугу менен...

Подкатегории

Оксфорд изилдөөчүлөрүнүн маалыматына таянсак Олимпиада оюндары дүйнөдөгү эң кымбат спорттук иш-чара экендигин белгиледи. Бул иш-чаранын масштабы өсүп баратканы  байкалып турат. Спорттук иш-чаралардын эң кымбат рейтингдин алдыңкы 5 сабына кирген. Бул тууралуу topsport.kg сайтты Олимпиада оюндарына сарасеп салды.

 000008Норвегия.jpg
5-орун. Лиллехаммер, Норвегия (1994)
 Норвегиядагы мелдештерте дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн 1923 спортчу катышкан.  Буга чейинки бир дагы оюнда мындай сандагы катышуучу болгон эмес. Бул өзгөрүүлөр саясий реструктуризацияга байланыштуу болгон. Биринчи жолу көптөгөн өлкөлөр көзкарандысыз команда катары катышкан.
Бул иш-чарага алгач 0,59 миллиард доллар сарпталат деп пландаштырылган. Бирок болжолдуу эсепке алынып, баасы 2,23 миллиард долларга чейин көтөрүлгөн. Кызыгы, эгерде мурун СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн спортчулары бирдиктүү команда катарында иштешсе, анда расмий эмес командалык эсепте өлкө 31 медаль (14, 12, 5) жана 247 упайга ээ болмок.
8cae42a3-e50e-4bc8-b0b0-f849f86d087b.jpg
 
4-орун. Солт-Лейк-Сити, АКШ (2002)
 Бул мелдештер Оюндардын тарыхындагы чуулгандуу окуялардын бири болуп  калды. Кантсе да, иш-чаранын максаты бүткүл дүйнө өлкөлөрүн бириктирүү болгон, бирок, аналитиктердин айтымында, иш-чара "ачык эле түндүк америкалык спортчуларды трибунага түртүп, башкаларды ушул подиумдан сүрүп чыгарган" кырдаалда өткөн. Кандай гана болбосун, америкалыктар көп каражат жумшашты. Долбоордун наркы 2,25 миллиард долларды түзгөн.
 
3-орун. Ванкувер, Канада (2010)
 Кошумча чыгымдарды Олимпиаданын башталышына чейин жүк ташуучу унаалар менен алып келүүгө тийиш болгон бир катар объектилерде кардын жетишсиздиги себеп болгон. Оюндардын аягында гана аба ырайы жакшырды. Бирок, ири чыгымдарга карабастан, алардын көпчүлүгү жарнама жана демөөрчүлүк жардам менен ордун толтурушту. Бардыгын бүткөрүү үчүн 2,54 миллиард доллар талап кылынган.
 
5331367f-9fbd-4df5-b61e-6b9cab7a3a83.jpg
2-орун. Турин, Италия (2006) 
Шаар бийлиги Олимпиада анын өнүгүшүнө чоң түрткү берди деп эсептейт. Мындай учурда мындай цифралар кайдан чыкканы айдан ачык көрүнөт. Метро шаарда нөлдөн баштап калыбына келтирилген! Курулушка 1,7 миллиард евро бөлүнгөн. Бирок рейтингде жалпыланууга кыйла чыгымдар камтылбайт. Изилдөөчүлөрдүн баасы 4,36 миллиард долларды түзөт.
2484e24e-c913-4f90-8e80-922d5f4ebfc9.jpg
 
1 орун. Сочи, Россия (2014) 
Изилдөөнүн жыйынтыгында Сочи эң кымбат Олимпиада оюндарын өткөргөн деп божомолдойт. Башында пландаштырылган 12 миллиард долларлык бюджетти, 22 миллиард долларга чейин көбөйтүү керек болгон. Экинчи орун менен эбегейсиз айырмачылык. Кымбат чыгым кар менен камсыздоо зарылдыгынан улам келип чыккан, анткени иш-чара субтропикалык климатта болгон. Мындан тышкары, жогорку ылдамдыктагы жол курулушу керек болчу. Коопсуздукка бир топ каражат сарпталган. Бирок көпчүлүк акчанын бир бөлүгү натыйжасыз сарпталды деп эсептешет.
60f6ad22-44fb-4144-a6e2-e7b2b454c598.jpg
Акыркы жылдары спорт тармагында, анын ичинде алыш күрөшкө кызыккандардын саны арбыган. Алардын катарын кыз-келиндер да толуктап келет. Бул жолку каарманыбыз Жазгүл Таланбек кызы. Ал өлкө аймагында болгон бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Алыскы Баткен жергесинен чыккан балбан кызыбыз менен маек курдук.
 
Аты жөнү: Жазгүл Талантбек кызы
Туулган жылы: 01.04.1999
Туулган жери: Баткен облусунун Лейлек районунун  Маргун айыл окмотуно караштуу Даркум айылы
Бою: 160 см
Салмагы: 55 кг
Билими:Учурда  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университинин Технологиялык факультетинин 4-курсунун студенти

 

000001Жазгүл.jpg-Саламатсызбы Жазгүл!  Өзүнүз жөнүндө айтып берсеңиз?
-Саламатчылык! Мен Талантбек кызы Жазгүл, 1999-жылы 1-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Даркум айылында жарык дүйнөгө келгем. 2006-жылдан 2017-жылдар аралыгында Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде окугам. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусумун. Биздин үй-бүлөдө чоң атам, атам, апам , эки сиңдим жана сүйүктүү иним бар, аты Эрнис.
-Спортко кызыгууңуз кандайча башталган?
-Менин спортко кызыгуум ото эле жаш кезден башталган. Кичинекей кезимде эле атам балдар менен күрөштүрө берчү. Дайыма утуп, бирок канча утсам да , бир жолу жеңилсем ошону айтып ызаландырып ыйлатчу. Мектепте окуп жүргөндө 6-классымдан 11-класска чейин волейбол ойнодум. Волейбол боюнча Райондук кыздар курама командасында ойноп калдым. Ал эми күрөшкө шаарга келип , Жогорку окуу жайдан тренерлер байкап , залга алып барган.
-Алгачкы жеңиште болгон сезимдер? 
-Алгачкы жеңишим 2017-жылы эркин күрөш боюнча КРнын ЖОЖдор арасында өткөн универсиадада 57 кг салмакта чемпион болгом. Өтө кубангам. Албетте, эң биринчи эле атама телефон чалгам. Мен үчүн атамдын кубанычы эң биринчи орунда.
-Дагы кайсы мелдештерге катышкансыз?
-2019-жылы ошол эле ЖОЖдор арасында өткөн универсиадада 2-орунду алгам жана Казакстанда өткөн бел боо күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө биринчилигине катышкам. Быйыл «Алыш» күрөшү боюнча өлкө биринчилигинде 55 кг салмакта биринчи күнү коло, экинчи күнү күмүш медалдын ээси болдум.
-Спортко кызыгууңуз боюнча ата-энеңиздин көз карашы кандай?
-Ата-энем албетте колдойт. Менимче ата-эненин колдоосу маанилүү. Мени материалдык жактан, моралдык жактан да колдоп турушат,айрыкча , чоң атам күрөш ышкыбозу. 
-Алдыда пландарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?
-Алдыда пландар көп. Турнирлер эми эле башталды. Бүткүл дүйнөлүк пандемия  көптөгөн чоң турнирлердин болбой калышына себеп болду.
-Убактыңызды бөлүп бизге маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Ишиңизге ийгилик!
 
Автор: Кубулай Чаканова
000002Жазгүл.jpg

000003Жазгүл.jpg

 
 
 

10 жашынан тартып ок атуу спортун өздөштүргөн Каныкей Кубанычбекова учурда машыктыруучу болуп эмгектенип келет. Мындан сырткары жыйырмадан ашык мелдешке катышып байгелүү орундарды камсыз кылган. Каныкейдин айтымында ок атуу спорту убакытты үнөмдөөгө жана сабырдуулукка үйрөтөт. Каарманыбыз спортто жараткан ийгиликтери жана алдыдагы пландары менен бөлүштү.


Аты жөнү: Кубанычбекова Каныкей Бообекова
Туулган жылы: 1999-жыл 30-сентябрь
Туулган жери: Бишкек шаары (Түпкү теги Талас)
Билими: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин төртүнчү курусун студентти.
Үй-бүлөдө: Алты бир туугандын улуусу
Хоббиси: Ырдоо

Мылтыктан ок атуу боюнча жетишкендиктери:

2015 - Кыргыз Республикасынын Чемпионатында чоңдор арасында 1-орун.
2015 - Кыргыз Республикасынын чемпионатында өспүрүмдөр арасында 1-орун.
2016 - Өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда 13-орун Кувейт (Эль Кувейт)
2016 - Тегерандагы Азия чемпионатынын катышуучусу (Иран)
2016 - Азия чемпионатынын катышуучусу Нью-Дели (Индия)
2017- Казань шаарында өткөн эл аралык турнирде 2-орун (Татарстан)
2017 - Амстердамда (Голландия) өткөн Intershoot Эл аралык турниринде 3-орун
2017 - Бакудагы Ислам оюндарында 15-орун (Азербайжан)
2017 - Мюнхендеги Дүйнөлүк Кубоктун катышуучусу (Германия)
2018 - Почиваловду эскерүүгө арналган эл аралык турнирде 3-орун
2018 - Өзбекстан Кубогунда 2-орун (Ташкент)
2018 - Кыргыз Республикасынын Чемпионатында 2-орун
2019 - MiX боюнча Өзбекстандын Кубогунда 1-орун (Ташкент)
2019 - Бишкектеги Чемпионатта 1-орун (Кыргызстан)
2020 - Азия чемпионатынын катышуучусу, Доха (Катар)
2020 - КР Кубогунун 1-этабында 2-орун.
2020 - КР Кубогунун 2-этабында 2-орун
2020 - КР Кубогунун 3-этабында 1-орун.
2020 - Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси.

1609161850588

- Саламатсызбы Каныкей алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
- Саламатсызбы мен Каныкей Кубанычбекова Бишкек шаарында төрөлгөм.  Тупкү тегим Таластан болот. Үй-бүлөдө алты бир туугандын улуусумун. Мындан сырткары менин бир туугандарым да ок атуу спорту менен алектенип келет.

- Ок атуу спортун канча жашыңыздан тартып өздөштүрдүңүз?
- Ок атуу спортун  он жашымдан тартып өздөштүргөм. Алгач Чүй облусунун Панфилов айылында машыктыруучум Суровцев Виктор Васильевичтин колуна келип машыгып баштагам. Спорт тармагына аралаша электе вакал бийге ийримдерине барып жүргөм. Кийинчерээк спортко болгон кызыгуум артып, вокал менен бийни таштап спортко келгем.

- Ок атуу спорту башка спорттун түрүнөн кандай өзгөчөлүктөрү бар?
- Ок атуу спортунун өзгөчүлүгү убакытты үнөмдөөгө жана сабырдуулукка үйрөтөт.  Ар бир окту атып жатканда ойду бир жерге топтоп, атсаң гана жеңишке жетесиң. Сырттан карап турган адамга жөнөкөй туюлушу мүмкүн. Тилекке каршы бул спорттун түрү өтө татаал болуп эсептелет. Мындан сырткары психологиялык жактан да өтө чоң таасир берет. Турнир учурунда ар бир спортчу атаандашы менен эмес өзү менен өзү күрөшөт.

- Учурда ок атуу спортуна мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатабы?
- Жакында эле Эл аралык олимпиада комитетинин жана ок атуу федерациясынын колдоосу менен машыктыруучулар үчүн атайын мастер класстар өткөрүлдү. Акырындык менен мамлекет тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп, бул спорттун түрүнө кызыккандар үчүн да жакшы шарттарды түзүп берди.

- Эл аралык ок атуу федерациясы тарабынан учурда спорту өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер жасалып жатат?
- Федерация тарабынан учурду бул спорттун түрүнө кызыккан жарандарга атайын курстарды ачкан. Окуунун негизинде техника менен иштегенди үйрөтүп, аягында сертификат ыйгарылат. Ок атуу спортуна кызыккан жарандар үчүн ал дайым эшигибиз ачык.

- Ок атуу спортуна жаштардын кызыгуусу канчалык деңгээлде экен?
- Мен машыктыруучу катары айтып кетет элем, учурда ок атуу спорту өнүгүү жолунда. Күн сайын жаштар келип үйрөнөм дегендердин саны арбыды. Мындан сырткары бул спорттун түрүнө дагы да колдоолор көбүрөөк болсо олимпиада чемпиондорун тарбиялап чыксак болот.