Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2018
14
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
22-сентябрь 2015-жыл, вторник. 01:54

“ТОП.kg`нин” Кубогу-2015

6-сентябрда футбол боюнча “ТОП.kg`нин” кезектеги республикалык мелдеши аяктады. Катар саны боюнча бул төртүнчүсү болду.  Чемпиондук үчүн 6 команда ат салышты. Алар – “Шопоков” (Чүй облусу), “Биримдик” (Чүй), “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Журналисттер”, “Кочкор” (Нарын) жана “Дордой-Профсоюз” (Бишкек). Мелдештин жыйынтыгында чемпиондук наамды “Дордой-Профсоюз” командасы 3-ирет жеңип алды. Финалда алар “Шопоков” командасын 4:1 эсебинде артта калтырышты. Ал эми байгелүү 3-орунга “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” командасы илинди. Мелдештин байге фонду 30 миң сомду түзгөнүн жана Бүтүн Кыргызстан Эмгек партиясы демөөрчүлүк колдоо көргөзгөнүн кошумчалай кетели.

 

Жеке номинациялар боюнча жеңүүчүлөр:

“Мыкты дарбазачы” – Элдияр Токтокожоев (“Кочкор”)
“Мыкты жарым коргоочу” – Замир Назарбек уулу (“Дордой-Профсоюз”)  
“Мыкты чабуулчу” – Кубан Кийикпаев (“Шопоков”).