Баннер үчүн орун
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына

Кыскача

Ишмердүүлүгү

Бокс

Туулган датасы

28-октябрь 1993-жыл

Турат Осмонов

Турат Токтобаевич Осмонов 1993-жылы 28-октябрда Нарын шаарында туулуп-өскөн. Токмок шаарынын "Лидер" спорт клубунун тарбиялануучусу болуп эсептелет. Тураттын эң чоң ийгиликтеринин бири деп 2014-жылы Азия оюндарында көптөн күтүлгөн медаль утуп бергенин айтсак жаңылышпайбыз.

Анкета

Туулган жылы: 1993-жыл, 28-октябрь

Туулган жери: Нарын шаары

Бою: 165 сантиметр

Салмагы: 54 килограмм

Уруусу: Моңолдор

Машыктыруучулары: Адылкан Бекболотов, Калдар Мухаммеджанов

Жетишкендиктери: Бокс сүйүүчүлөр арасында Кыргызстандын 4 жолку чемпиону (2008, 2009, 2012, 2015); Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган Эл аралык мелдештин 2 жолку чемиону (2014, 2016); Инчхон-2014 Азия оюндарынын коло медалчысы; Россия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иордания жана башка өлкөлөрдө өткөн бир катар Эл аралык мелдештердин байгелүү орундарынын ээси.

Жактырган спортчусу: Мэнни Пакьяо

Нарын шаарынын ардактуу тургуну. Үй-бүлөлүү. 1 уулдун атасы.

Кызыктуу факт: 7 айлык болуп төрөлгөн.