Баннер үчүн орун
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына

Кыскача

Ишмердүүлүгү

Кикбокс

Туулган датасы

26-август 1990-жыл

Уланбек Касымбеков

Улан Касымбеков

Жаңы мезгилдеги кыргыздын кикбокс мектебинин жаркын өкүлдөрүнүн бири Улан Токторалиевич Касымбеков 1990-жылы 26-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулуп-өскөн. Талыкпас мээнетинин аркасында 2015-жылы кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону аталып, бир кездерде дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргыздын кикбокс мектебин дагы бир ирет дүйнөгө таанытып, уучубуз кур эместигин далилдеди. Улан спорттон тышкары чыгармачылык менен да алектенет. Жаштар арасында "Кыргызстан", "Жерим Кыргызстан" жана "Алга Кыргызстан" аттуу ырлары менен белгилүү.

Анкета:

Туулган жылы: 26-август, 1990-жыл

Туулган жери: Аксы району

Бою: 165 сантиметр, салмагы: 57 килограмм

Уруусу: Багыш

Спорт клубу: "Алыш"

Машыктыруучусу: Алтай Омурбаев

Жетишкендиктери: Кикбокс боюнча 2 жолку Дүйнө Кубогунун ээси (Ялта, 2012; Анапа, 2014), 2 жолку Азия чемпиону (Индия, 2012; Индия, 2015), Азия оюндарынын байге ээси (Инчхон, 2013), Дүйнө чемпионатынын байге ээси (2013), Дүйнө чемпиону (Сербия, 2015). "ТОП.kg`нин" тандоосу боюнча "Жылдын мыкты жаш спортчусу-2014", "Жылдын мыкты кикбоксчусу-2015" жана "Жылдын мыкты спортчусу-2015".

Жактырган спортчусу: Мэнни Пакьяо (Филиппин)

Билими: Жогорку. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка бөлүмүн бүтүргөн.