Баннер үчүн орун
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына

Кыскача

Ишмердүүлүгү

Футбол

Туулган датасы

01-октябрь 1989-жыл

Курсанбек Шератов

Курсанбек Шератов Кызыл-Кыянын Кара-Козу айылында 1989-жылы 1-октябрда туулуп-өскөн. Футбол секциясына 5 классынан бара баштаган. Анын биринчи машыктыруучусу болуп Мурат Авчиев эсептелет. Чоң футболго 2006-жылы "Кант-77" командасынын курамында ойноп аралаша баштаган. 2008-жылы Нематжан Закировдун чакыруусу менен "Абдыш-Ата" командасынын курамын өтүп, Кыргызстандын Жогорку Лигасында ойной баштаган.

Анкета

Туулган жылы: 01.10.1989
Туулган жери: Кара-Козу айылы, Кызыл-Кыя шаары
Бою: 182 см, салмагы: 76 кг
Позициясы: коргоочу
Номери: 5
Командасы: "Дордой" (Бишкек)
Клубдук карьерасы: “Кант-77” (2006-2007), “Абдыш-Ата” (2008-2012), “Алай” (2012), “Дордой” (2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин)
Жетишкендиктери: Кыргызстандын чемпиону, 3 жолкудан Кыргызстандын Кубогунун жана Суперкубогунун ээси, Легенданын Кубогунун ээси.
Жактырган футболчусу: Алессандро Неста
Жактырган командасы: “Манчестер Юнайтед”.