Баннер үчүн орун
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына

Кыскача

Ишмердүүлүгү

Футбол

Туулган датасы

03-январь 1994-жыл

Фархат Мусабеков

Кыргыздын келечектен көптү үмүттөндүргөн футболчуларынын бири Фархат Мусабеков Бишкек шаарында 1994-жылы 3-январда туулуп-өскөн. Алгачкы жолу футбол секциясына 8 жашында №53 мектепте окуп жаткан кезде барган. Ошондо анын биринчи машыктыруучусу Николай Рослов болгон. 8-классында келечекте футболчу болорун биротоло чечкен. Чоң футболго 2009-жылы Канттын "Живое Пиво" командасынын курамында Кыргызстандын Биринчи Лигасында ойноп кадам таштаган. Футбол боюнча Кыргызстандын Жогорку Лигасында (ТОП-ЛИГА) канттык "Абдыш-Атанын" курамында 2015-жылдан баштап туруктуу ойноп баштады. Командасы менен Кыргызстандын Кубогун жеңди. Кыргызстандын улуттук курама командасынын негизги оюнчусуна айланды. Бойдок. Үй-бүлөдө 3 бир тууган. 2 карындашы бар.

Анкета

Туулган жылы: 3-январь 1994-жыл
Туулган жери: Бишкек шаары
Бою: 178 см, салмагы: 69 кг
Позициясы: жарым коргоочу
Номери: 69
Клубдук карьерасы: “Живое Пиво” (2009-2011), “Наше Пиво” (2012-2014), “Абдыш-Ата” (2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин)
Жетишкендиктери: Кыргызстандын Кубогунун ээси ("Абдыш-Ата", 2015)
Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Менеджмент факультетинин студенти
Жактырган футболчусу: Роналдиньо (Бразилия)
Жактырган командасы: "Реал" (Испания)