Баннер үчүн орун
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына

Кыскача

Ишмердүүлүгү

Күрөш

Туулган датасы

01-январь 1888-жыл

Каза болгон датасы

23-октябрь 1955-жыл

Кожомкул Каба уулу

Анкета

Каба уулу Кожомкул 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда жарык дүйнөгө келген.
Аркалаган кызматтары – Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы (1921-1929)­, 1930-жылы Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы (1930), Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген.
1948-жылы пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин “Жеңиш” колхозунда жылкы фермасынын башчысынын милдетин аркалаган. 
Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнгөн. Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал деген кызы болгон. 1955-жылы 23-октябрда көз жумган.

Кызыктуу фактылар

Кожомкул 2 гана ат минген: кара ат жана тору ат. Тору атты Чаргынбай деген досу тандап берген дешет.

1962-жылдан тартып борбор калаабызда эркин күрөш боюнча Кожомкулдун элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп келет. Ал эми 1993-жылы Бишкектеги Ленин атындагы Спорт Ордосун Каба уулу Кожомкулдун атына которуу жөнүндө мыйзам чыккан.

1930-жылдардагы массалык репрессиянын курмандыктарынын бирине  Кожомкул да айланып кала жаздаган. Бирок ишинен эч кандай кынтык таба албай, партиянын мүчөлүгүндө калтырышкан.

Бою – 236 сантиметр, салмагы – 164 кило­грамм болгон.
Бут кийиминин өлчөмү – 52, колунун баш бармагынын калыңдыгы 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон.

Кожомкулдун туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жыл, айрымдарында 1889-жыл деп айтылат. КРнын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Билими 2 класстык болуп, документтерге латын тилинде «Gabajev» деп кол койгон. 1931-1932-жылдары КПССтин мүчөлүгүнө өтүп, партбилетинин номери 1354413 болгон.