Баннер үчүн орун
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына

Кыскача

Ишмердүүлүгү

Оор атлетика

Туулган датасы

19-ноябрь 1953-жыл

Каныбек Осмоналиев

1953-жылы 19-ноябрда Кемин районунун Бейшеке айылында туулуп-өскөн.
Уруусу – Сарыбагыш
Спорттогу жетишкендиктери – Оор атлетика боюнча СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери. Дүйнөнүн 4 жолку, Европа менен СССРдин 2 жолкудан чемпиону. Москвада өткөн ХХII Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү. КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу.
Мамлекеттик наамдары – Эмгек Кызыл Туу орденинин, Даңк медалынын ээси. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин грамотасы менен сыйланган. КРнын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер. 3-даражадагы Манас орденинин ээси.
КУУнун Тарых факультетин бүтүргөн.
2013-жылы 60 жылдык мааракесине карата автобиографиялык "Олимп оттору" аттуу китеп жазып чыгарды.
Үй-бүлөлүү. 4 уул жана 3 кыздын атасы. 11 неберенин чоң атасы.

Эмгек жолу

1974-1976-жылдары – “Буревестник” РС ДСОдо инструктор.
1976-1983-жылдары – Кыргыз спорт комитетинде инструктор.
1983-1986-жылдары – “Алга” РС ДСОдо оор атлетика боюнча машыктыруучу
1986-1988-жылдары – Фрунзедеги РШВСМде оор атлетика боюнча машыктыруучу
1988-1991-жылдары – РД ДСОдо Профсоюздун орун басары
1991-1995-жылдары – Кыргызстандын Мамлекеттик спорт комитетинин төрагасы
1995-1996-жылдары – КРнын Спорт жана туризм боюнча мамлекеттик комитетинин 1-орун басары
1996-2000-жылдары – “Линко жана Каныбек” кыргыз-герман ишканасынын директору
2000-2001-жылдары – “Альфа” ишканасынын директору
2001-2003-жылдары – Ат спорту жана заманбап күрөш боюнча РСДЮШОРдун директору
2003-2005-жылдары – Мамлекеттик туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары
2005-2008-жылдары – КРнын курама командаларын Олимпиадага даярдоо борборунун директору
2008-2009-жылдары – Оор атлетика боюнча РСДЮШОРдун директору
2009-2010-жылдары – Оор атлетиканы өнүктүрүү боюнча Республикалык борбордун директору
2010-жылдан бери Оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча РСДЮШОРдун директору.