Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Тилек Батыров: “Мушкер үчүн ар бир беттеш сабак болот”
“Чемпионатка 1 ай интенсивдүү даярдык көрдүм. Ачыгын айтайын утулуп каламды деген сезим болду. Бирок беттеш учурунда ой-сезимдерди жыйнап, жеңишке жетиш үчүн бүт күч аракетимди жумшадым. Алгачкы раунддарда атаандашымды чарчатууга басым жасадым. Кудай буюрган экен. Карманган тактикам иш берип жеңишке жетиштим. Кармашатан кийин ичимден аябай кубандым. Эми ал сезимди сөз менен жеткирип бере албайсың. Негизи мушкер үчүн ар бир беттеш сабак болот. Андыктан бул жолу да өзүмө тиешелүү тыянак чыгарып алдым”,- дейт Т. Батыров. Кошумчалай кетсек, Тилек Батыров 66 килограм салмакта орусиялык Багаудин Зарманбетовду 3-раундда муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.