Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2019
13
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Замирбек Сыргабаев: “Мындан ары машыктыруучулук менен алектенем”
Бокс/MMA21-сентябрь 2015-жыл, понедельник. 21:28

Замирбек Сыргабаев: “Мындан ары машыктыруучулук менен алектенем”

- Саламатсызбы Замирбек! Сизди JFC-1`де Жефф Монсонду жеңип, чемпиондук кур тагынганыңыз менен куттуктайбыз. Кантип даярданганыңы кызыгууну жаратууда?
- Рахмат! Монсон менен беттешерим 2 ай мурда белгилүү болгон. Сунуш түшөрү менен макулдугумду бергем. Даярдык кызуу машыгууда “Жаш күч” клубунун мушкерлери менен өттү.   Мына ошол даярдыктын жыйынтыгында ийгиликке жетип турабыз.

- Уюштуруучулар тарабынан мушкерлерге кандай жардам болду?
- Уюштуруучулар тобунун мушкерлерге болгон жардамы – бул чемпиондукту таза өткөрүп бергени болду деп ойлойм. Калыстар тобунан баштап мушкерлердин даярдыгына чейин көңүл буруп, мелдештин таза өтүшүн камсыздап берген уюштуруучуларга рахмат.

- Утуштан кийинки сезимдериниз кандай болду?
- Чынын айтсам, беттешүүгө макул болгон күндөн тарта жеңиштен башка жол жок экенин түшүнгөнмүн. Кыргызстанда өтүп жаткан соң, Кыргызстандын туусун көтөрүүгө милдеттүүмүн деп өзүмө сөз бергем. Монсонду жеңгеним өзүм үчүн гана эмес, Кыргызстаным үчүн сыймыктануу сезими болду.

- Келечекке пландарыңыз менен кыскача бөлүшүп кетсеңиз?
- Мен мындан ары жаш муршкерлерге машыктыруучу болуп, өзүмдүн жеңиштеримди аларга үлгү кылып, Кыргызстандын спортуна аз да болсо салым кошсом дейм.