Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Уланбек Касымбеков: “Sports Awards`до кайрадан жеңүүчү аталгым келет”
Башкалар26-сентябрь 2015-жыл, суббота. 14:42

Уланбек Касымбеков: “Sports Awards`до кайрадан жеңүүчү аталгым келет”

- Уланбек 2015-жылы кандай ийгиликтерге жетиштинңиз?
- 2015-жылы Индиянын Пуна шаарында болуп өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль тагынып, Азиянын 2 жолку чемпиону аталдым. Алдыда Дуйнө чемпиондугу күтүп турат. Буюрса ошону утсам деген чоң тилегим бар.

- Ал эми жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
- Жашоомдо эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Негизи жеке жашоом жөнүндө айткым келбейт.

- Быйыл экинчи ирет Sports Awards салтанаты өтмөкчү. Анда кайрадан жеңүүчү аталгыңыз келеби?
- Ооба бирок кикбокс боюнча жылдын мыктысы аталууга талапкерлер коп экенин унутпаш керек. “Аракет кылсаң берекет” демекчи, ким билет балким эки жыл катары менен Sports Awards`до жеңүүчү болом. Эми аны убакыт көрсөтөт. Учурдан пайдаланып Кыргызстанда биринчи жолу ушундай долбоорду көтөрүп чыгып, ишке ашырып жаткан “ТОП.kg” гезитинин жамаатына терең ыраазычылык билдирмекчимин.