Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июнь 2020
03
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Фергюсон vs Гэтжи: Аббасов – Фергюсонду, Асылгазиев – Гэтжини колдоду
Бокс/MMA09-май 2020-жыл, суббота. 19:42

Фергюсон vs Гэтжи: Аббасов – Фергюсонду, Асылгазиев – Гэтжини колдоду

Кямран Аббасов, ONE FC`нин чемпиону:

“Гэтжи не потянет Фергюсона”

- Саламатсызбы Кямран мырза, сизди келе жаткан Жеңиш майрамыңыз менен куттуктайм! Иштериниз кандай?
- Чоң рахмат бирге болсун! Буюрса баары жакшы.

- Анда эмесе беттеш боюнча сизге алгачкы суроо: Фергюсон vs Гейджи кармашынан эмнелерди күтүп жатасыз?
- Эмнегедир бул беттештен өзгөчө эч нерсе күткөн жокмун, анткени мен Фергюсон менен Нурмагомедовдун урушун көргүм келген. Экөөнү бири-бирине татыктуу мушкер деп ойлойм, тилекке каршы алардын көптөн күтүлгөн кармашы болбой калды.

- Ал эми экөөнүн кимиси кандай аракет жасайт, кимисинин жеңишке мүмкүнчүлүгү жогору деп ойлойсуз?
- Кимиси кандай аракет кылат чынында айта албайм, аны беттеш көрсөтөт.

- Жыйынтыгында кимиси жеңип чыгат?
- Менин оюмча Фергюсон женишке жетишет. Гэтжи туруштук бере алат деп ойлобойм. Бул менин жеке оюм.

- Түшүнүктүү. Маегиңизге рахмат!

 

Турсунбек Асылгазиев, JFC Лигасынын чемпиону:

“Негедир Гэтжи жеңип кетет деген ойдомун”

- Саламатсызбы? Фергюсон менен Гэтжинин беттешинен эмнелерди күтүп жатасыз?
- Саламатчылык. Менин оюмча экөөнүн кармашы аягына чейин созулуп, кооз болот.

- Кимиси кандай аракет жасашы мүмкүн?
- Буга чейин Гэтжи беттештерин нокаут менен мөөнөтүнөн мурда утуп келди. Негизи ал стойкадан соккуларды узатып, атаандашын нокаутка учуратканы аракет кылат.

- Анан аягында кимиси женип чыгат сиздин божомолунузда?
- Негизи экөөнүн мүмкүнчүлүгү 50/50 деп ойлойм. Бирок негедир мушкер катары Гэтжи жеңишти илип кетет деп ойлоп жатам. Себеби Фергюсон көп коргонбой ачык урушат, ал эми Гэтжи орусча айтканда “нокаутёр” мушкер.

- Чакан маегиңизге рахмат!