Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июнь 2020
03
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Фергюсон vs Гэтжи: Кыргыз мушкерлеринин божомолу
Бокс/MMA09-май 2020-жыл, суббота. 19:26

Фергюсон vs Гэтжи: Кыргыз мушкерлеринин божомолу

Данияр Бабакулов
ММА боюнча Азия чемиону, JFC`нин чемпиондук курунун ээси:

“Гэтжи 1-2-раунддарда нокаутка учуратып коюшу мүмкүн”

Данияр Бабакулов Тони Фергюсондун ар тараптуулугун белгилеп, ошол эле учурда Гэтжинин да жеңишке мүмкүнчүлүгү бар экенин айтат. “_Албетте экөө тең өз ишин мыкты билгендерден. Андыктан кызыктуу оюнду күтүп жатабыз. Гэтжи 1-2-раунддарда атаандашын нокаутка учуратып коюшу мүмкүн. Эгер нокаутка учурата албаса анда, упайлар боюнча жеңиш Тони тарапта болот. Анткени Фергюсондун стойкада да, партерде да мыкты экендигин билебиз. Эми албетте баарын беттеш көргөзөт_”,- деп билдирди Д. Бабакулов.

 

Бусурманкул Абдибаит уулу, Эрежесиз эр уруш боюнча WEF`тин чемпиондук курунун ээси, M1 Global`да чемпиондукка талапкер:

“Эки мушкердин тең мүмкүнчүлүгү жогору”

Бусурманкул Абдибаит уулунун айтымында, бул тиреште Тони Фергюсондун көтөрүмдүүлүгү чечүүчү роль ойнойт. “Чынында абдан кызыктуу беттеш болоору күтүлүүдө. Биз дагы чыдамсыздык менен күтүп жаткан чагыбыз. ММА өзү көп кырдуу болгондуктан бир сокку, бир кыймыл-аракет менен оюндун жүрүшүн өзгөртүп жиберүүгө толук мүмкүн. Бул жерде эки мушкердин тең тажрыйбасы чоң жана мүмкүнчүлүгү жогору. Статистикага көз чаптырсак, Гэтжи дагы жөнөкөй атаандаш эмес, бирок ага карабастан, мен бул кармаш Фергюсондун пайдасына чечилет деген ойдомун. Себеби Фергюсон абдан көтөрүмдүү”,- деп белгиледи ал.

 

Жаныбек Бейшебек уулу, Тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону:

“Беттештин фаворити – Тони Фергюсон”

Тай бокс боюнча далай ийгиликтерди жараткан Жаныбек мырза божомолун кыска жана нуска билдирди. “Бул күч сынашууда Тони Фергюсон – фаворит. Анткени ал Хабиб Нурмагомедов менен беттешке чыкмак. А Нурмагомедов болсо, баарыбыз билгендей, учурдун мыкты мушкери. Демек, Фергюсон – мыкты атаандаш. Андыктан жеңиш ташы ал тарапта”,- деп жооп берди тай бокс чебери.

Кубаныч Аманбеков, менеджер:

“Фергюсон менен Нурмагомедовдун беттеши кызыктуурак болмок”

ММА тармагында менеджерлик кесипти аркалап баштаган Кубаныч Аманбеков “Фергюсон-Нурмагомедов” беттеши үзгүлтүккө учураганына өкүнүч билдирип, Фергюсон кайсы раундда жеңип чыгарын так айтты. “Тони Фергюсон менен Хабиб Нурмагомедовдун урушу ушул убакытка чейин 5-жолу үзгүлтүккө учурады. Жалпыбызга маалым болгондой, Тони – убактылуу чемпион, ал эми Хабиб – чыныгы чемпион. Экөөнү салыштыра келсек, UFC`деги беттештери 12:0 жана сериалары да окшош. Чынын айтсам, Фергюсон vs Гэтжи беттешине анчалык кызыккан жокмун. Себеби мага көбүн эсе Хабиб менен Тонинин тиреши кызыктуу болчу. Ошентсе да менин баамымда беттеш 4 раундга созулуп, жеңиш Фергюсондун атына жазылат”,- деп ишенимдүү айтты жаш менеджер.

Кошумчалай кетсек, чоң кызыгууну туудуруп жаткан “Фергюсон – Гэтжи” беттеши UFC 249 иш-чарасынын алкагында 9-майдан 10-майга оогон түнү АКШда өтөт.