Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Май 2020
26
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards-2019: Жеңүүчүлөр аныкталды
Башкалар02-март 2020-жыл, понедельник. 09:00

Sports Awards-2019: Жеңүүчүлөр аныкталды

Иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алды. Алгач номинацияга кирген сопртчулар кызыл килемден басып, концерттик залга көрүүчүлөрдүн шаңдуу кол чабууларынын астында киришти. Сыйлоо кечесин сыйлыктын негиздөөчүсү Динара Орозбаева ачып, ата мекендик спортчуларыбызга кыйынчылыктарга карабастан, кыргыз туусун бийик желбиретип келе жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Динара айым, өз сөзүндө спортко кайдигер карабаган меценаттарга кайрылып, кыргыз спортчуларын ар тараптан колдоого чакырып өттү.

Негизги номинациялардын алдында жыл ичинде өзгөчөлөнгөн 4 спортчу жана 1 уюмга “Спорттогу бийик жетишкендиктери жана талыкпас эмгеги үчүн” дипломдор тапшырылды. Алар – Азамат Эсеналиев, Айдай Орозбекова, Бакыт Кыдыков, Нурбек Оросулбаев жана Стекинг спорту федерациясы.

Кече концерттик программа менен коштолду. Спортчуларды куттуктап Замир Мырза, Кайрат Примбердиев, Тима Мукашев жана Арина Тургунбековалар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Салтка айланган Спорттук Оскар сыйлыктары да көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок. Ал эми алпаруучулук кызматты Манас Алыкулов, Актилек Гүлжигит кызы жана Расул Мырзатегиндер аркалашты.

2018-жылы көк бөрү учурунда кырсыктап, оор жаракатка кабылган жана өз алдынча баса албай калган Дастан Жакеевге “Атайын сыйлык” тапшырылды.

Кошумчалай кетчү нерсе, “Мыкты команда” номинациясында жеңүүчү кошумча кошумча эреженин негизинде аныкталды. Сыйлыктын Жобосуна ылайык, эгер талапкерлердин упайлары тең болуп калса, анда Эксперттик комиссиянын төрагасынын жеке тандоосу чечүүчү болот. Аталган номинация боюнча Эксперттик комиссиянын төрагасы Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Дирекциянын өкүлү болгон. Ал өз тандоосунда 1-орунга Волейбол федерациясын койгон болчу.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси менен таанышып алыңыздар:

Интернет-добуш берүү жана Эксперттик комиссиянын тандоосунун негизинде:

Ден-соолугун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Мыкты спортчу – Нурбек Алиев (Кол күрөш)

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Мыкты спортчу айым – Гүлзада Калыгул кызы (Жеңил атлетика)

Улуттук спорт боюнча Мыкты спортчу – Элдияр Сексенбаев (Алыш)

Олимпиадалык спорт боюнча Мыкты спортчу – Улукбек Жолдошбеков (Эркин күрөш)

Олимпиадалык эмес спорт боюнча Мыкты спортчу – Авазбек Аманбеков (Кикбоксинг)

Мыкты улакчы – Манас Ниязов (“Достук”)

Мыкты грэпплинг чебери – Абдурахман Муртазалиев (“Kyrgyzstan Top Team”)

Жыл жаңырыгы – Нурадин Рустамбек уулу (Бокс)

Мыкты спортчу айым – Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер күрөшү)

Мыкты команда – КРнын Волейбол боюнча курама командасы

Уюштуруу комитетинин чечиминин негизинде:

Мыкты машыктыруучу – Бообек Тотошев (Кармашып мушташуу)

Мыкты федерациялар – Грэпплинг жана Кыргыз күрөш федерациялары

Атайын сыйлык – Дастан Жакеев

Мыкты меценат – Раимбек Матраимов.