Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Май 2020
26
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Шайлообек Атазов: Олимпиадага жолдомо алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз
Бокс/MMA19-февраль 2020-жыл, среда. 03:56

Шайлообек Атазов: Олимпиадага жолдомо алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшайбыз

Быйыл Жапониянын Токио шаарында өтүүчү Олимпиада оюндарына бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы кызуу даярданып жатат. Алгач, Азия жана Океания биринчилиги Иорданияда 3-11-мартка чейин өтөт. Даярдыктар тууралуу Кыргызстандын дене тарбия жана спорт отличниги, бокс чебери, учурда “Eрем” спорт клубунун башкы машыктыруучусу Шайлообек Атазов айтып берди.

- Саламатсызбы Шайлообек мырза, Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү жана курама команданын даярдыгы жөнүндө айтып берсеңиз?

- Саламатсызбы, Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына чейин, Азия жана Океания биринчилиги өтөт. Биз азыр мына ушул беттешке баратабыз. Быйыл дүйнөдө спорттун жылы болушу ачык-айкын. Анткени, бүт мамлекеттер болгон аракетин жумшап, Олимпиада оюндарына кызуу даярдык көрүүдө . Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн алгач Иорданияда беттеш өткөрөбүз. Азия биринчилигинде жеңишке жетпей калгандарга май айында Францияда мүмкүнчүлүк берилет. Биздин даярдыгыбыз буюрса ойдогудой. Жолдомо алууга бар күчүбүздү жумшайбыз. Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасында 14 киши беттешке чыгат. Иорданияда өтчү Азия баскычында оомат жар болуп, элибиздин ак батасы менен жеңишке жетип, чоң белек тартууласак дейбиз.

- Азия оюндарында канча киши өлкөнүн намысын коргойт?

- Курамада 7 мушкер: Азат Усеналиев, Акылбек Эсенбек уулу, Арген Кадырбеков, Нурсултан Мамасалиев, Өмүрбек Бекжанов, Эркин Адылбек уулу, Шер Хакимовдор намыс талашат. Андан сырткары, 4 машыктыруучу, медициналык кызматкер жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен бир киши барат.

- Спортчуларды колдоо жагы кандай болуп жатат?

- Албетте, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги, Улуттук Олимпиада комитети ар тараптан колдоп турушат. Мындан сырткары, спорт күйөрмандары да бар. Атап кетсем, өзүм 2017- жылдан бери иштеп келе жаткан "Erem" спорт клубу спортчуларга мыкты шарттарды түзүп, алардын керек-жарагын камдап берип турат.

- Устатыңыз Валентин Данилин “жеке спорт залдарда тажрыйбасыз машыктыруучулар туура эмес багытта иш алып барууда” деп айтканы бар. Сиздин оюңуз?

- Устатым урматтуу Валентин Данилиндин сөзүндө чындык бар. Туура, дасыккан бокс чеберлеринин катары суюлуп, аймактарда бул спорттун классикалык түрлөрү чабал болуп турат. Жакшылыктан үмүт үзбөйбүз, чыныгы спортту даңазалаган муун келерине ишенем.

- Федерациялар көбүнчө машыктыруучуларды сырттан чакырып калышты. Ошол эле учурда биздин эмгеги сиңген, союз мезгилинде мыкты көрсөткүчкө жетишкен машыктыруучулар жумушсуз калды. Бул да кыргыз спортундагы чоң көйгөй...

- Сырттан машыктыруучу алып келип спортту көтөрүү өтө чоң эрдик. Анткени, көп чыгымды талап кылат. Күчү менен акылы төп келген спортчуларды өстүрүү - XXI кылымдын талабы. Мисалы, Дзюдо, Грэпплинг федерацияларынын аракети өз жемишин берип жатат. Ал эми тажрыйбалуу спорт чеберлерине Өкмөт тараптан колдоо көрсөтүлүшү керек.

- “Erem” спорт клубундагы ийгиликтер тууралуу айта кетсеңиз?

- Азия жана дүйнө биринчилигинде бычакка сап жигиттер Азат Усеналиев менен Эркин Адылбек уулу жүрөк жылыткан жеңиштерди алып келди. Эки жылдын ичинде 8 эл аралык мелдештерге катыштык.

- Клубка спорт менен машыгам дегендер кандай критерийлердин негизинде кабыл алынат?

- Спорт клубда түзүлгөн атайын медициналык, адеп-ахлактык жобонун негизинде кабыл алам. Андан сырткары, баланын кызыгуусун жана интеллектуалдык дараметин байкап көрүү үчүн жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрөм. Бирок, эч качан жаңы келген баланы “жок сенден спортчу чыкпайт” деп так кесе айтып, артка кайтарбайм. Тескерисинче, анын спорттогу талантын ачууга аракет кылам.

- Дүйнөнү багындырып келгениңизде ошол кездеги “бийликтин көңүл сыртында калдым” деген таарынычыңызды айткан элеңиз, таарынычтар жазылдыбы?

- Көңүл деген назик нерсе экен. Моралдык жактан болсо да колдоого алып, жылуу сөз айтпай коюу - спортчуга эң оор сокку деп эсептейм. Бир жагынан мындай көрүнүштөр спортчуну чыйралтып да турат. Азыр эч кимге таарынычым жок, бир гана “Олимпиада чемпионун чыгарам” деген ураандын астында Кыргызстаныма тер төгүп жатам.

- Кызыктуу, маанилүү маегиңизге ыраазычылык. Тилегиңиз орундалсын.

- Сиздерге да чоң рахмат! Учурдан пайдаланып topsport.kg сайтынын жалпы жамаатына ыраазычылык айтып, иштериңизге ийгилик каалайм. Маалыматты жеткирүүдө сиздердин жардамыңарга муктажбыз.

Сезимай Жунусова маектешти