Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
08
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards-2019`дун ыктыярчысы бол!
Башкалар14-февраль 2020-жыл, пятница. 23:16

Sports Awards-2019`дун ыктыярчысы бол!

Ыктыярчы болуу – бул жаңы досторду табуу, спорттун атмосферасына чүмкүп кирүү, ыктыярчылык ишмердүүлүктө мол тажрыйба алуу жана Кыргызстандын башкы спорттук окуясынын бир бөлүгүнө айлануу мүмкүнчүлүгү. 

Мыкты спортчуларды сыйлоо 29-февралда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Иш-чарада 8 номинация боюнча мыктылар аныкталып, кече шоу-программа менен коштолот.

Ыктыярчылардын аталган иш-чарада төмөнкү багыттар боюнча иш-алып баруусу керектелет:

  • Спортчулар менен иштешүү;
  • ММКлар менен иштешүү;
  • Сыйлоо кечесинин уюштуруу иштерине көмөктөшүү (конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу, кызыл килем четинде көрүүчү катары туруу ж.б.)

Кимдер ыктыярчы боло алат? 16 жаштан кичүү эмес, кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн жана эң башкысы аз да болсо кандайдыр-бир жакшы иш жасоо ниети бар КРнын  жарандары. Кайрылуулар 25-февраль саат 17:00гө чейин top.kg@bk.ru электрондук дареги аркылуу кабыл алынат. Ыктыярчы болууга макулдугуңузду тастыктоо үчүн аталган дарекке толук аты-жөнүңүздү, инсандыгыңызды тастыктаган документтин сүрөтүн жана телефон номериңизди жөнөтүү зарыл.

Сурап-билүү телефону 0 (700) 29-02-20.