Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Март 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards-2019: Номинанттар бекитилди – добуш берүү старт алды!
Башкалар11-февраль 2020-жыл, вторник. 09:58

Sports Awards-2019: Номинанттар бекитилди – добуш берүү старт алды!

Белгилей кетсек, бул сыйлык спорт жана дене-тарбия тармагында кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерге жетишкен жана спорттун өнүгүшү менен жайылышына маанилүү салым кошкон спортчуларга тапшырылып келет. Иш-чара быйыл 6-ирет өткөрүлөт.

Улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу

Чыңгыз Иманалиев (Алыскы аралыкка ат чабыш)

Элдияр Сексенбаев (Алыш боюнча Дүйнө чемпиону)

Бектурган Кожомуратов (Кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиону)

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу

Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү боюнча Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо ээси)

Улукбек Жолдошбеков (Эркин күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону)

Денис Петрашов (Сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону, Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо ээси)

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу

Абдурахман Муртазалиев (Грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону)

Авазбек Аманбеков (Кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону)

Кямран Аббасов (ММА боюнча ONE Championship`тин чемпиондук курунун ээси)

Акжол Сулайманбек уулу (Профессионалдык боксто WBA версиясы боюнча Азия чемпиону)

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Мыкты спортчу

Нурбек Алиев (Кол күрөш)

Жыргал Оросбаев (Парапауэрлифтинг)

Нурбек Тойчубаев (Паратриатлон)

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында Мыкты спортчу айым

Чыныгүл Шайдуллаева (Кол күрөш)

Гүлзада Калыгул кызы (Атайын Олимпиада)

Перизат Жаныбек кызы (Атайын Олимпиада)

Мыкты команда

КРнын Волейбол боюнча курама командасы

КРнын Футбол боюнча курама командасы

КРнын Хоккей боюнча курама командасы

Жыл жаңырыгы

Никита Цой (Тай бокс бокс боюнча Дүйнө чемпиону)

Нурадин Рустамбек уулу (Бокс сүйүүчү жаштар арасында Азия чемпиону)

Чыңгызхан Сагыналиев (Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионатынын коло медалчысы)

Мыкты спортчу айым

Айсулуу Тыныбекова (Кыз-келиндер-күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону)

Шахриза Халилова (Кикбокс/Тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону)

Валентина Шевченко (ММА боюнча UFC`нин чемпиону).

Sports Awards-2019дин алкагында мыктылар 2 жол менен аныкталат: Жалпы элдик добуш берүүнүн жана Эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде. Жалпы элдик добуш берүү 11-февралда старт алып, 2020-жылдын 27-февралына чейин уланат. 

Уюштуруу комитетинин чечими менен жогоруда добуш берүүгө коюлган номинациялардан сырткары төмөнкүлөр боюнча да мыктылар Уюштуруу комитетинин чечими менен өзүнчө аныкталат:

- Иш-чаранын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы;
- Мыкты меценат;
- Мыкты федерация.  

 Жалпы добуш берүүдө талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын Facebook (Topsport.kg) менен Instagram`дагы (topsport_official) расмий баракчаларында өткөрүлөт. Аталган социалдык түйүндөрдө добуштарды сүрөткө колдогон спортчунун аты-жөнүн комментарийге калтыруу жолу берсеңиздер болот. Аягында сайттагы добуштар менен Фэйсбук менен Инстаграмдагы комментарийлер кошулуп, жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат.

Интернет-сурамжылоодо 30 упай ойнотулуп, 1-орун үчүн 15, 2-орунга 10 жана 3-орунга 5 упай каралган. Мындан тышкары ар бир номинация боюнча өзүнчө 5 кишиден турган Эксперттик комиссия чогулуп, алардын ар бири талапкерлерди 1ден 3-орунга чейин жайгаштырат. Мында 1-орунга 6, 2-орунга 4 жана 3-орунга 2 упай берилет. Ошентип 5 эксперт талапкерлерди баалап бүткөн соң, Интернет-сурамжылоо менен Эксперттик комиссиянын упайлары кошулуп, жеңүүчү аныкталат. Сыйлык тапшыруу кечеси 29-февралда Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы Филармонияда өтмөкчү. Баарыңыздарды мыктыларды аныктоого активдүү катышууга чакырабыз!