Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Күрөш боюнча КРнын чемпиондугу-2020
Күрөш09-январь 2020-жыл, четверг. 16:08

Күрөш боюнча КРнын чемпиондугу-2020

Алгач 2 күн бою эркин күрөш боюнча таймаштар орун алса, 11-12-январда килемде грем-рим күрөшүнүн чеберлери өз өнөрлөрүн тартуулашат. Белгилей кетсек, быйылкы мелдеш өзгөчө мааниге ээ. Анткени чемпион болуп, улуттук курама командага кирген балбандар быйыл жайында Токиодо өтчү Олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Анткени февралда Индияда Азия чемпионаты, мартта Кытайда лицензиялык мелдештер күтүп турат. Андыктан Спорт Ордосунда өтүп жаткан чемпиондукта айыгышкан күрөштөр жүрүшүнө шек жок. Күрөш сүйүүчүлөрүнүн баарын чакырабыз. 4 күн бою кызуу таймаштарга күбө болуп кетиңиздер. Кирүү акысыз. Башталышы 10:00дө.