Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Футбол борбору Арча-Бешик конушунда курулмай болду
Футбол31-декабрь 2019-жыл, вторник. 03:13

Футбол борбору Арча-Бешик конушунда курулмай болду

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан грантка Футбол борбору Арча-Бешик жаңы конушунда курулмай болду. Мындай билдирүүнү бүгүн Кыргызстандын Футбол федерациясы таратты.

Маалыматка ылайык, Футбол борбору курула турган жер тилкеси шаардын түштүк-батыш тарабындагы А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан жана жер тилкесин бөлүп берүү келишими федерация менен Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынган.

Буга чейин аталган маселе Бишкек шаардык кеңешинде үч жолу жылдырылган.