Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Ошто грэпплинг боюнча эл аралык мелдеш болду
Башкалар18-декабрь 2019-жыл, среда. 16:44

Ошто грэпплинг боюнча эл аралык мелдеш болду

Ош шаарында 15-декабрь күнү грэпплинг боюнча эл аралык ачык турнир болуп өттү. Ага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринен 400дөн ашуун спортчу катышты. Мелдеш жаш балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп, 7 салмактык категорияда күч сынашты. Турнирдин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчилиги, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты. Жеңүүчүлөргө чемпиондук курлар, медаль, диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Аталган мелдеш “Азиянын арстандары” федерациясы тарабынан уюштурулуп, “Мухаммед-Умар” спорт клубунда өткөрүлдү.