Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кыргыз волейболуна 90 жыл
Волейбол18-декабрь 2019-жыл, среда. 16:40

Кыргыз волейболуна 90 жыл

17-декабрда «Кыргыз волейболуна 90 жыл» юбилейлик медалдары тапшырылды. Сыйлыкка Жалал-Абад ОИИБнин башчысы милициянын полковниги, волейбол федерациясынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси, спорт чебери Кылычбек Жолдошев, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги, волейбол федерациясынын Жалал-Абад аймагы боюнча жетекчиси Равшанбек Кожобеков, Жалал-Абад ОИИБнин КЧБнүн жетекчиси, милициянын майору, ИИМдин “Динамо” волейбол клубунун президенти, спорт чебери Кыялбек Орозалиев, К. Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу, Жалал-Абад облусунун волейбол боюнча машыктыруучусу Кайратбек Садыков татыктуу болду. Сыйлыкты Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев тапшырды. Ошондой эле, Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Кылычбек Жолдошев Кыргызстандагы дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин “Ардак грамотасы” менен сыйланды.