Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Турдукан Көкчаева: Бардык окуучулар дене тарбия сабагын жакшы көрөт
Башкалар18-декабрь 2019-жыл, среда. 16:33

Турдукан Көкчаева: Бардык окуучулар дене тарбия сабагын жакшы көрөт

Бул жолку каарманым аял болгон менен эркектей сүрү бар айылдагы жападан жалгыз дене тарбия мугалими. Көпчүлүк окуучу, керек болсо кесиптештери да Турдукан эженин астынан кыя өтө алышпайт. Берилген суроолорума маңдай жарыла жооп берди.

Толук аты жөнү: Көкчаева Турдукан Акжоловна.

Туулган жери: Ош облусунун Кара Суу районунун Эшме айылы

Туулган жылы, күнү: 1952-ж, 11-январь

Билими: Фрунзедеги КГИФК, азыркы кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясы.

Кесиби: дене тарбия мугалими.

Үй бүлөлүү, 1 уул жана 1кыз, 7 неберенин чоң энеси, учурда ардактуу эс алууда

-  Турдукан эже, айымдарда чанда кездешчү кесипке кандай себептер менен ээ болуп калдыңыз?

-  Дээримден шатыра шатман жүргөн кыз элем. Мектепте жакшы көргөн сабагымдын бири математика болсо, экинчиси дене тарбия болчу. Орто мектепти бүтөрүм менен спорт тармагында билим алуумду айтканымда үйдөгүлөр колдошкон. Азыркы Бишкектеги дене тарбия академиясын бүтүп, Отуз-Адыр айылындагы Н. Крупская атындагы мектебинде 1974- жылы эмгек жолумду баштагам. Кийин өзүм жашаган Садырбай айылындагы “Кызыл Гайрат” мектебинде ишимди уланттым. Бардык иштин ачуу-таттуусу болот. Эгемендиктин баштапкы жылдарында айлык алуу үчүн тор жайган балыкчынын кейпин кийгенбиз. Бирок ошондой кыйын кезеңде көпчүлүк мыкты адистер кесибин айласыз өзгөртүштү. Курсак үчүн кесибимди алмашуу түк оюма келген жок. Окуучулардын башка сабактарга кызыгуусу солгун, мени көргөндө маңдайы жаркып кубанышчу. Аларды таштап кетүү мүмкүн эмес эле.

-  Дене тарбия сабагына адатта бардык окуучулар катышкысы келет. Сиздин сабакты калтырган окуучулар болдубу?

- Таптакыр окугусу келбеген, тентек окуучунун да жакшы көргөн сабагы бар. Ал - дене тарбия. Кээде какыс-кукус кылып коюп, эне катары жүрөгүм эзилген күндөр көп болду. Башка сабактардан жакшы баа алалбай, дене тарбиядан 5 алган күн окуучуларыма да, мага да майрамдай сезилчү. Жакшы күндөрдү узак болуусун каалап, кошумча волейбол, футбол, шахмат, теннис ийримдерин ошол күнгө жылдырып окутчумун.

-  Мугалим ийгиликтүү окуучулары менен сыймыктанат эмеспи...

-  Мен эле эмес, жалпы Садырбай айылы сөөмөй сайып мактанчу окуучуларым бар. Мисалы, ЖКнын V - чакырылышында депутат болгон Акылбек Шакиров, бир топ спорттук, кайрымдуулук иштерге көмөк көрсөтүп жүргөн меценат Кубан Кудайкулов, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматовдорду айта алам.

-  Эки жылдан бери пенсияда экенсиз, мектепти сагынсаңыз керек?

-  2017- жылдан бери ардактуу эс алуудамын. 42 жылдык өмүрлөш кесибиң, бир убакта эле өз сапарын карытканы албетте ичиңди ачыштырат. Айрыкча, мектепте ызылдаган балдардын үнүн өзгөчө сагынам. Жаштарга да жол бошотууга туура келди. Мектептен кеткенден кийин айылдагы волейбол боюнча аялдар курама командасын жетектеп келем. Айыл өкмөттөгү волейбол боюнча биринчиликти али күнчө бизден эч ким тартып ала элек.

-  Кандай ийгиликтерге жеттиңиз жана балдарыңыз спорт менен кандай мамиледе?

-  2006- жылы билим берүүнүн мыктысы төш белгисине татыгам. Андан кийин ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаеванын колунан 8-март эл аралык аялдар күнүндө Курманжан Датка сыйлыгынын ээси болдум. 1 уул, 1 кызым бар. Алар спортко анчейин кызыкпады. Үмүтүм неберелеримде. Ар күнү топ ойнойбуз.

-  Жеке көз карашыңызда айылдагы спорт кандай өнүгүп жатат?

-  Кудайга шүгүр жаман эмес. Мамлекеттин колуна кол, бутуна бут болчу жигиттерден уучубуз кур эмес. Элим, жерим деген жигиттерибиз жана чет жактагы мекенчил мигранттарыбыз спорт эле эмес, социалдык, маданий жактан да ар тараптуу маселелерди чечип келишет. Маселен, Садырбай айылына өкмөт заманбап мектеп, спорт зал салып берген. Ага улай жеке ишкер жигиттерибиз да айылга футбол талаасын салууга белсенип жүргөн убагы. Албетте патриот жаштарыбыздын бар экенин көрүп, эртеңки гүлдөгөн Кыргызстанды элестетем.

-   Кызыктуу маегиңизге ыраазычылык эжеке.