Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
03
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards`го Олимпиада чемпиондору батасын берген
Башкалар17-декабрь 2019-жыл, вторник. 11:55

Sports Awards`го Олимпиада чемпиондору батасын берген

Эл аралык форумда спорт жаатында Эл аралык кызматташуу боюнча бир катар маанилүү макулдашууларга жетишилген. Иш-чаранын алкагында Sports Awards`дун түптөөчүсү Динара Орозбаева 3 жолку Олимпиада чемпиону, Россиянын Баатыры, Орусиянын Госдумасынын депутаты Александр Карелин, 2 жолку Олимпиада чемпиону Виктор Маркин, 2 жолку Олимпиада чемпиону Мария Филатова, Олимпиада чемпиону Ирина Минх жана UWW Эл аралык уюмунун вице-президенти, Өзбекстандын спорттук күрөш Ассоциациясынын президенти Ахрол Рузиевдер менен 2 тараптуу жолугушууларды өткөргөн. Дал ошол маектешүүлөрдө спортто чоң ийгиликтерге жетишкен аталган адистер Динара айымга спорттук сыйлыкты өнүктүрүү боюнча кеңештерин берип, кызматташуу тилегин да билдиришкен. Арадан көп өтпөй Бишкекте өткөн Sports Awards-2015 салтанатына Виктор Маркин жана Александр Карелиндин атынан Сергей Козлов келип катышкан. А. Карелин жүйөлүү себептерден улам келе албай, Сергей Козлов анын кайрылуусун окуп берген.

Д. Орозбаеванын айтымында, жогорудагы макулдашуулар – бул Sports Awards`дун Эл аралык ишмердүүлүгүнүн башталышы гана. Жакынкы мезгилде абройлуу бир катар уюмдар менен кызматташуу пландары бар.