Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2020
29
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards жаңы форматта
Башкалар16-декабрь 2019-жыл, понедельник. 18:00

Sports Awards жаңы форматта

Өзгөрүүлөр негизинен номинациялар жана сыйлоо кечесинин тартибине байланыштуу. Ушул тапта редакция мүчөлөрү Улуттук олимпиада комитетинин адистери менен биргеликте өткөн сезонго саресеп салып, талапкерлерди бекитип жаткан кези. Иш-чаранын күнү так белгисиз болсо да, анын жаңыра турган жылдын январь айынын экинчи жарымында болору анык. Андыктан жыл ичинде өзгөчөлөнгөн ата мекендик спортчуларыбызды чыныгы майрам күтүүдө.  

Белгилүү болгондой, Topsport.kg спорттук редакциясы 2014-жылдан тарта Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо Sports Awards салтанатын ийгиликтүү өткөрүп келет. Анда талыкпай эмгектенген спорт адамдары даңазаланып, “Баатыр” наамдары тапшырылат. 2017-жылдан тарта демилгебизди КРнын Улуттук олимпиада комитети колдоого алып, иш-чаранын алкагында Мурат Саралиновдун атайын сыйлыгы бекитилген. Ошол күндөн тарта олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчуларга 1000 доллар өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлыктар тапшырылып келет.