Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Олимпиада оюндарына бара турган спортчуларга 65 миллион сом бөлүнөт
Башкалар28-ноябрь 2019-жыл, четверг. 15:56

Олимпиада оюндарына бара турган спортчуларга 65 миллион сом бөлүнөт

Токио шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына бара турган кыргызстандык спортчуларга 65 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев билдирди.

Анын айтымында, олимпиадага даярдык көрүү жана катышуу үчүн бюджеттен 60 миллион доллар бөлүнгөн, ал эми спортчулардын кийип чыга турган формасына тиктирүүгө 5 миллион сом каралган.

Учурда 2020-жылкы Токио Олимпиадасына балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекованын жолдомосу бар. Андан башка, сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жөө күлүк Юлия Андреева да лицензия алган.