Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Мексикалык дарбазачынын таң калыштуу голу
Футбол25-ноябрь 2019-жыл, понедельник. 13:24

Мексикалык дарбазачынын таң калыштуу голу

Мексиканын 19-чемпионатында "Чивас Гвадалахара" менен "Веракрус" футбол клубдары беттешти. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө "Веракрус" командасы 1:2 эсеби менен жеңилип бараткан. Кошумча убакыт берилгенде каршылаш тараптын дарбазачысы Родригес да командасына чоң жардам берди. Ал күүлөнүп тепкенде топ атаандаштын дарбазасына гол болуп кирип, натыйжада "Чивас Гвадалахара" клубу 3:1 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү аталды.

"Чивас Гвадалахара" клубунун дарбазачысы Хосе Антонио Родригестин Мексика чемпионатынын алкагындагы голу оюндун урунттуу учурларынын бири болуп калды.

Таң калыштуу голдун видеосу мексикалык клубдун Youtube каналына жүктөлдү.