Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Валентина Шевченко ким менен беттешери белгилүү болду
Бокс/MMA22-ноябрь 2019-жыл, пятница. 14:42

Валентина Шевченко ким менен беттешери белгилүү болду

UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко өз титулун коргоп америкалык Кэтлин Чукагян менен беттеше турган болду. Алар UFC 247 турниринин алкагында 2020-жылдын 8-февралында Техас штатында кездешмекчи.

Быйыл август айында Валентина Шевченко экинчи ирет титулун коргоп, америкалык мушкер Лиз Кармушту жеңип алган. Ал эми UFC курун коргогон биринчи беттеште каршылашы Жессика Айды техникалык нокаут менен уткан.

31 жаштагы Шевченко ММА мелдештеринде 18 жолу жеңишке жетип, үч жолу жеңилген. Ал эми каршылашы Чукагян 13 беттешти утуп, эки жолу жеңилген.